Эл аралык кылмыш сотунун судьялары прокурорлорго 2008-жылы Орусия-Грузия ортосундагы беш күндүк согушта “Түштүк Осетиядагы жана анын айланасындагы” ыктымал аскерий кылмыштарды иликтөөгө буйрук берди.
Эл аралык Кылмыш сотунун судьялары 27-январдагы билдирүүсүндө белгилегендей, 2008-жылдын 1-июлунан 10-октябрына чейин “адамзатка каршы кылмыштар жасалган” деп ишенгидей негиздер бар.
Жогорудагы мөөнөт Орусия - Грузия ортосундагы согуш жүргөн учурду да камтыйт.
Билдирүүдө иликтөө орус же грузин, же эки өлкөнүн тең аскерлеринин аракеттерине көңүл бурары ачыкталган эмес.
Болгону “адам өлтүрүү, калкты мажбурлап көчүрүү жана куугунтуктоо, жайкын тургундарга кол салуу, атайылап өлтүрүү, бейпилдик сактоочу күчтөргө атайын кол салуу өңдүү” кылмыштар иликтенери көргөзүлгөн.
2008-жылдын августундагы беш күндүк согуштун арты Орусия грузиндер өзүнүн жикчил аймактары катары санаган Түштүк Осетияны жана Абхазияны көз карандысыз өлкө катары таанышына алып барган эле.
Орусия андан бери Түштүк Осетияда, Абхазияда өз аскерлерин кармайт.(UE)