Мээнети баркталбаган сүрөтчүлүк

"Кыздын портрети". Автору Рамис Абылмажинов.

Көргөзмөнү жаш сүрөтчүлөр бирлиги жана “Майназаров ТИМ” командасы уюштурган.  
 

Соода борбордун кире беришинен баштап, экинчи кабатта уланган сүрөт көргөзмөгө он беш жаш сүрөтчүнүн сексенден ашык эмгеги коюлган. Ар кандай стилде иштелген эмгектердин арасында 3 миң сомдон 1000 долларга чейин бааланган сүрөттөр бар.
 

Жаш сүрөтчүлөр бирлигинин төрагасы Замир Илиповдун айтымында, учурда музейлерде өтүп жаткан сүрөт көргөзмөлөрүнө эл барбай калды. “Сүрөт көргөзмөлөрүнө негизинен өзүбүз - кыл калем чеберлери же сүрөт искусствосуна чын дилден кызыккандар гана барат. Биз бул көргөзмөнү элдин калың катмары келген соода борборуна өткөрүү менен коомчулукту сүрөт искусствосуна кызыктыралы дедик. Ошол эле учурда бул ыкма жаш сүрөтчүлөргө өз эмгектерин сатууга шарт түзөт,”-дейт Илипов.  
 

Көргөзмөгө эмгеги коюлган сүрөтчүлөрдүн бири Рамис Абулмажинов бул жерге негизинен коммерциялык максатта эмес, чыныгы сүрөт искусствосу үчүн тартылган эмгектер коюлганын айтты.  
 

Сүрөтчү Замир Илипов учурда таланттуу кыргыз сүрөтчүлөрү жараткан эмгектерди көбүнчө чет элдик туристер сатып аларын айтат. 
 

"Легенда". Автору Айып Алакунов. 

"Күз". Автору Нурбек Матаев. 

"Мелодия". Нурбек Матаев тарткан сүрөт.

Көргөзмөгө өзүнүн алты эмгегин койгон Сансыз Мырзираимов учурда таланттуу кыргыз сүрөтчүлөрү жараткан эмгектерди бирин-серин чет элдик туристер гана сатып аларын айтып, эл көп жүргөн жерлерге көргөзмө уюштуруу менен кардарлардын катарын калыңдатса болот деген үмүттө турганын кошумчалады.  
 

"Жүзүм нотрюморту" - Рамис Абылмажинов.

"Сирень багы". Сансыз Мырзираимовдун сүрөтү. 

"Күн карамалар". Нурбек Матаев тарткан сүрөт.

"Кат". Максат Болотбековдун сүрөтү.

"Тегирмен" - Иван Леденов. 

"Ала-Арча" - Чыңгыз Ормонбеков.

"Күзгү натюрморт" - Чыңгыз Ормонбеков.

Соода борборго өз иши менен келген жарандардын арасында сатып алуучулар да болду. 
 

"Гүлдөрдөн турган натюрморт".  Максат Болотбеков тарткан.