Британ премьери Литвиненконун өлүмү боюнча иликтөөнүн бүтүмүн колдоду

Александр Литвиненко уулангандан кийин ооруканада. Лондон, 20-ноябрь, 2006-жыл.

Дэвид Кэмерон Давосто Дүйнөлүк экономикалык форумга катышып жаткан жеринен билдиргендей, Британияда башынан эле Александр Литвиненконун өлтүрүлүшү “мамлекет демөөрчүлүк кылган аракет” деп билишкен жана жаңы жарыяланган доклад “муну ырастады”.

Премьер Кэмерондун өкмөтү эми Орусияны жазалоо үчүн кандай кадам жасары азырынча анык эмес.

Ички иштер министри Тереза Мэй Литвиненконун өлүмүнө тикелей тиешеси бар орус жарандары Дмитрий Ковтун менен Андрей Луговойдун активдери камакка алынарын билдирди.

Бирок алардын Британияда активдери бар - жогу белгисиз. Орусиянын элчиси Британиянын тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага расмий Лондондун Москва Литвиненконун өлтүрүлүшүн тергөөдө кызматташпай жатканы үчүн нааразылыгы айтылды.

2006-жылдагы чуулгандуу окуя боюнча коомдук иликтөөнүн жыйынтыгы 21-январда Лондондун жогорку сотунда жарыяланды.

Ага ылайык, Орусиянын мурдагы коопсуздук агенти Александр Литвиненконун британ баш калаасында ууландырып өлтүрүлүшүнүн артында орус бийлиги турат, буга “балким президент Путин өзү да макулдук берген”.

Судья Роберт Оуэндин айтымында, иликтөө Литвиненко ФСБнын буйругунун негизинде орус жарандары Дмитрий Ковтун жана Андрей Луговой тарабынан өлтүрүлгөнүн көргөзүп жатат.

Орусиядан 2000-жылы чыгып кеткен Литвиненко Путиндин сынчысына айлангандан кийин, 2006-жылы Лондондо радиоактивдүү полоний-210 заты кошулган чай ичкенден кийин мерт болгон.

Кремль бул кылмышка тиешеси бардыгын такай төгүндөп жүрөт.

Литвиненконун жубайы Марина Литвиненко. Лондон, 21-январь, 2016-жыл.

Москва Британиянын кылмышка шектүү эки жаранды экстрадициялоо өтүнүчүн бир нече ирет четке каккан эле.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги британ тарап жарыялаган иликтөөнүн бүтүмүн “саясий жүйөсү” бар жана “ачык айкын эмес” деп мүнөздөп, ал Москва - Лондон алакасына көлөкө гана түшүрөрүн белгиледи. Дмитрий Ковтун жана Андрей Луговой болсо мындай айыптоолорду “абсурд жана нонсенс” деп аташты.

Литвиненконун жесири Марина Литвиненконун пикиринде, иликтөө Орусияга, анын ичинде президент Путинге каршы жаңы санкция киргизүү зарылдыгын көрсөтөт. (UE)