Алты миллионунчу делген наристе чыры

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

25-ноябрда - алты миллионунчу наристе төрөлгөн күнү Жалал-Абадда көз жарган Бегайым Омонова алгач анын ымыркайы да ушул тизмеде бар экенин айтып сүйүнчүлөшкөнүн, кийин эле дымы чыкпай калганын айтып нааразы болууда. Анын айтымында, көз жарган түнү 100 миң акча берилет деп куттуктап кеткен адамдардан ошол боюнча дайын жок дейт. Бегайым Омонова Ала-Бука районунун Кең-Кол айылынын тургуну, анын жакындары аталган маселе боюнча бийликке кайрылды.