Кошмо Штаттар өкмөтүнүн өкүлү Багдадда өткөн жумада дайынсыз кеткен АКШнын үч жараны Ирак өкмөтү колдогон шийит кошуундары тарабынан уурдалганын билдирди. Рейтер агенттиги шейшембиде бул кабар Ирактын чалгын кызматы менен АКШ өкмөтүндөгү эки булактан ырасталганын кабарлады.
Кошмо Штаттардын үч жараны Багдадда 15-январда уурдалып кеткен. АКШ Ирактан аскерлерин чыгарып кеткен 2011-жылдан бери бул өлкөдө америкалыктар биринчи жолу уурдалууда.
АКШ мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Жон Кирби Вашингтон бул үч жаран тууралуу көбүрөөк маалымат алуу жана аларды бошотуу үчүн Ирак өкмөтү менен тыгыз иштешип жатканын билдирди. Алар кандай максатта жана эмне үчүн уурдалганы боюнча азырынча айтыла элек.