Аскар Бешимов Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалды

Аскар Бешимов Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аскар Бешимов 54 жашта. Буга чейин ал тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп жаткан. Дипломатиялык ишмердүүлүгүн 1995-жылы баштаган.

Түштүк Кореядагы мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ишинен былтыр июль айында бошотулган. (RK)