Акыйкатчы оозун төөнөгөн жарандын ишин өз көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкектин №1 тергөө абагында оозун төөнөп алган 39 жаштагы жарандын ишин өз көзөмөлүнө алмай болду.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы жаран зордуктоо боюнча айыпталып, былтыр ноябрь айында Бишкектин Ленин райондук сотунун өкүмү менен 14 жылга кесилген. Адвокаттын айтымында, бул өкүм мыйзам бузуу жолу менен жана жабыркаган тараптын тосмо арызына карабастан кабыл алынды. Ошол себептен соттолгон жаран 8-январдан бери оозун төөнөп, ачкачылык жарыялап отурат.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорфтун "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, анын абалы канааттандырарлык.

Протестчи 26-январга чейин тамак ичпей турганын айтууда. Бул күнү анын ишин караган кезектеги соттук отурум болот. (RK)