Бүгүн, 19-январда Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Молдованын жаштар курама командасы менен шериктештик кубогунун алкагында беттешүүдө. Оюн Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Петербургский" стадионунда Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат үчтө башталды. Оюндун жүрүшүн мелдештин расмий сайтынан көрүүгө болот.
Шериктештик кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Латвия, Молдова, Тажикстан жана Эстониянын командалары катышууда. Кыргызстан "А" тайпасында Беларус, Молдова жана Казакстандын курама командалары менен ойнойт. 17-январда кыргыз футболчулары Беларус футболчуларын 1:0 эсебинде утуп алышкан. Оюндагы жалгыз голду 39-мүнөттө пенальтиде Ахлидин Исраилов киргизди.
Кыргызстан менен Молдованын футбол беттеши (түз видео)
Ушул эле күнү алгачкы беттешинде Молдова курамасы казакстандык атаандаштарын 1:0 эсебинде жеңип алышкан. Кыргыз футболчулары тайпалык тандоо оюндарынын алкагында акыркы оюнун 21-январда казак футболчулары менен өткөрөт. Бул кубоктун финалдык оюндары 23-январда өтөт.
Былтыр башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилигинде Кыргызстандын жаштар курама командасы тайпалык тандоо мелдешинде Орусия курамасын 2:1 эсебинде утуп, тайпада биринчи орунга чыккан. Мелдештин жалпы жыйынтыгында алдыңкы алты команданын катарына кошулган.
Жаштар курама командасында 22 жашка чейинки уландар бар. (ECh)