"Түркия Орусиядагыдай иш менен камсыздай албайт"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Шерикбек Акимов 25 жылдан бери Түркиянын Анталия шаарында турат. Elit.Turkey деп аталган курулуш жана кыймылсыз мүлк саткан компаниянын ээси. Ишкердин айтканына караганда Орусиядагы экономикалык кризистен улам Түркияга иш издеген кыргызстандык мигранттардын саны өстү, бирок түрктөр Орусиядагыдай жүз миңдеген эмгек мигранттарын иш менен камсыздай албайт.