Бишкек шаардык милициясы желим ок тапанчаны мыйзамсыз алып жүргөн эки өспүрүмдү суракка алууда. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Эки бала тең 16-январда кармалган. Биринин жанынан эки огу менен, экинчисинен да эки огу бар тапанча табылган.
Милиция бул курал өспүрүмдөрдүн колуна кандайча тийип калганын териштирүүдө. (RK)