ЕБ: украин өкмөтү реформалардын үстүнөн дагы иштөөгө тийиш

Киев Европа биримдиги украин жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү убада кылганын, бул – өлкөнүн реформалары ийгиликтүү жүрүп жатканын далилдейт деп ырастап келет. Бирок шаркеттин айрым мүчөлөрү башкача пикирин билдиришүүдө. Биримдиктин тогуз мүчөсү колдогон жумушчу документте украин өкмөтү жана Жогорку Рада коомдун талаптарына жооп берүү жана реформаларды эффективдүү ишке ашыруу, өзгөчө коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү жагына көңүл бурууга тийиш деп айтылат.

Ошондой эле Европа менен интеграция иштери үчүн жооп берчү вице-премьер кызматын түзүү реформаларды координациялоого көмөктөшмөк деген сунуш киргизилген.