Мунайдын дүйнөлүк баасы 30 доллардан арзандады

Мунайдын бир баррели 30 доллардан арзан түшүп кетти. Бүгүн Лондон биржасында "Брент" үлгүсүндөгү кара май 3 процентке арзандады. 13-январда мунайдын бул түрү 2004-жылдан бери биринчи жолу 30 доллардан төмөн сатылган.

Маалыматтарга караганда, мунай Ирандын санкциялары алып салынат деп күтүлгөндүктөн арзандоодо. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик Тегеран былтыр июлда жетишилген келишимди аткарды деп тастыктаса эле, Ислам жумурияты мунай экспортун жандантмакчы.

Акыркы 18 айда кара май көп өндүрүлгөндүктөн, анын баасы дээрлик 70 процентке төмөндөгөн. Бул – өз кезегинде Орусия жана энергия булактарына ээ башка өлкөлөргө чоң залакасын тийгизди.

Бүгүн Москва биржасында доллардын курсу көтөрүлүп, бир доллар 77,02 рублга сатылып жатты.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жума күнү өкмөткө кайсы тармактардагы чыгашаларды кыскартуу керектигин карап чыгууну тапшырды.

Өлкөнүн бюджети мунайдын баасы 50 доллар болот деп түзүлгөн.