“Оскар” сыйлыгына талапкерлер аталды

Мыкты режиссерлукка талапкерлер.

АКШ киноакадемиясы бейшембиде “Оскар” сыйлыгына номинанттардын тизмесин жарыялады.

Мыкты тасма номинациясына Алехандро Гонсалес Иньярритунун “Өлүп тирилген кишиси”, Томас Маккартинин “Көңүл борборунда” тасмасы, Адам Маккейдин “Кызмат оюндары”, Жорж Миллердин “Жинди Макс: Каар жол” тасмасы, Стивен Спилбергдин “Тыңчылар көпүрөсү”, Эд Гининин “Бөлмөсү” жана Ридли Скоттун “Марс тургуну” тасмасы коюлду.

Эң көп номинация “Өлүп тирилген киши” тасмасында 12, экинчи орунда Жорж Миллердин “Жинди Макс: Каар жол” тасмасы 10 номинациясы менен турат. Өткөн жылды дүңгүрөткөн бет ачар тасмасы аталаган Жеффри Абрамстын “Жылдыздар согушу” космостук сагасынын акыркы эпизоду бир да негизги номинацияга ээ болбой калды.

Мыкты чет элдик тасмалар номинациясына Даниянын “Согуш”, Колумбиянын “Жылан курчоосу”, Франциянын “Мустанг”, Венгриянын “Саулдун уулу”, Иорданиянын “Намыс” тасмалары кирди.

Эң абройлу делген “Оскар” сыйлыгы жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы тарабынан ыйгарылат.

Быйылкы 88-жолку сыйлыктарды аныктоо салтанаттуу аземи 28-февралда Голивуддагы Dolby театрында өтөт. (SA)