Порошенко: Украина чыгышын быйыл кайра колго алабыз

Украина -- Президент Петро Порошенко маалымат жыйынында. Киев, 14-январь, 2016.

Украин президенти Петро Порошенко өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилер ээлеп алган аймактр быйыл кайра колго алынарын билдирди. "Донецк жана Луганск облустарындагы оккупацияланган аймактарда украин суверенитети калыбына келүүгө тийиш", - деди ал бүгүн маалымат жыйынында. Порошенко 2014-жылдын мартында Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралын кайра алууга да эл аралык мехнизмдер аркылуу аракеттер көрүлөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле өлкө орус газына көз карандылыктан кутулганын билдирди.

Украинада төңкөрүш болуп, жаңы келген бийлик күчтөнө албай турган учурда, 2014-жылдын апрелинде өлкө чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын орусиячыл жикчилер ээлеп, өз алдынча республикаларды жарыялап алган. Киев менен Батыш өлкөлөрү жикчилерди Москва курал-жарак жана башка жагынан колдойт деп айыптаса, Кремль муну четке кагып келет.

Украина чыгышындагы 2014-жылдан берки кагылыштардан 9100дөн ашуун адам мерт болгон.