Акматбек Келдибековдун соту 19-январда уланат

Акматбек Келдибеков (ортодо) сот залында.

Бишкек шаардык соту 11-январдагы отурумунда мына ушундай чечим кабыл алды. 19-январда сот Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу чечими боюнча мурунку парламент мүчөлөрүнүн көрсөтмөсүн уга баштайт. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу боюнча айыпталып, 2013-жылы камакка алынган. Өткөн жылы Биринчи Май райондук соту Келдибековду коррупция боюнча актап, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачууда кызмат абалынан пайдаланган деп, 3 млн. сом айып пул салган. Келдибековдун адвокаттары өкүлчүлүктү ачуу жөнүндөгү чечим жалпы парламенттин чечими болгонун белгилеп, аны аныктоо үчүн парламент мүчөлөрүн күбө катары суроону, Келдибековду толук актоону талап кылууда. (AiT)