Токтогул ГЭСин оңдоо үчүн Түштүк Кореядан адистер келет

Өкмөттөн алынган маалыматка караганда, 12-январда Кыргызстанга түштүк кореялык компаниянын делегациясы келет. Алар 28-декабрда иштен чыккан Токтогул ГЭСиндеги кабелдерди алмаштырууну тездетүү боюнча Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Токтогул ГЭСин реаблитациялоо долбоору боюнча кабелдер 2017-жылы түштүк кореялык компания тарабынан алмаштырылышы керек эле. Эми өкмөт бул ишти тездетүүнү көздөп, аталган түштүк кореялык компанияны Бишкекке чакырган. Кабелди алмаштыруу иши эки ай убакытты талап кылары кабарланган. (AiT)