Кыргыз-өзбек чек арасында атылган октон кыргызстандык жараат алды

Кыргыз-өзбек чек арасы

9-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Сары-Көпүрө аймагынын Өзбекстан менен чектешкен жеринде өзбекстандык чек арачылар менен кыргызстандык жарандар ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын төрт жараны такталбаган аймактагы чек араны бойлой өткөн суу өткөрүүчү түтүктү бузууга аракет кылган. Өзбекстандын пайдалануусуна өткөн түтүктү бузуу иштерин токтотууну талап кылган өзбек чек арачыларынын талабынан кийин ортодо чыр чыгып, кошуна өлкөнүн чек арачылары курал колдонгон. Натыйжада Кыргызстандын бир жараны жараат алып, Өзбекстандын Наманган шаардык ооруканасына жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык.

Калган үчөө Жалал-Абад облусундагы чек арачылар тарабынан кармалган. Учурда тартип коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Ушул эле күнү эки өлкөнүн тиешелүү чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, окуя боюнча биргелешип иликтөө жүргүзмөй болушту. Жарадар болгон жаранды Кыргызстанга өткөрүп алуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. (КЕ)