Өткөн жылы 678,7 миң чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилди

Бишкек шаары.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2015-жылы Кыргызстанда курулуш тармагына салынган инвестиция 2,5% өстү. Жалпысы болуп аталган тармакка 94,3 млрд. сом сарпталган.

Мунун ичинен негизги каражат билим берүү жаатындагы курулушка бөлүнгөн, аталган тармакка 32,9%, андан кийин мейманкана жана ресторандардын курулушуна 22,7% каражат сарпталган.

Өткөн жылы 5969 үй курулуп, пайдаланууга берилген турак-жайдын жалпы аянты 678,7 миң чарчы метрди түздү. Мунун ичинен айыл жергесинде тургузулган турак-жай жалпы көлөмдүн 61,1% түзөт.

Мындан тышкары өткөн жылы турак-жайдын ремонтуна 2664,3 млн. сом сарпталган.(ZKo)