Бахрейн иранчыл күчтөрдүн кутумдугун ашкереледи

Бахрейн жана Ирандын желектери.

Бахрейн бийлиги өлкө аймагында Иран менен байланышы бар адамдардын чабуул жасоо аракети аныкталганын айтып чыкты. Ички иштер министрлиги тараткан кабарга ылайык, Иран колдоп келаткан “Хезболла” тобу Бахрейнде бир катар жардырууларды пландаганы айкын болду.

Бул маалымат Иран менен Сауд Арабия ортосундагы келишпестиктен улам бир катар араб мамлекеттери Тегеран менен дипломатиялык алаканы үзүп жаткан учурга туш келди.

Бахрейндин билдирүүсүнө Иран өкмөтү азырынча жооп бере элек. (SE)