“Манас” аба майданындагы унааларды ЖКК көзөмөлдөйт

2016-жылдын 1-январынан тарта Бишкектеги “Манас” эл аралык аба майданынын аймагындагы унааларды Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын өкүлдөрү көзөмөлдөйт. Буга чейин аба майдандагы унаалардын кирип-чыгуу тартибине аба майдандын коопсуздук кызматы көз салып келген. Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

“Манас” аба майданында эки акысыз, бир акы төлөп унаа токтотуучу жер бар. (SE)