НАТО: Биздин саясат Орусия коопсуздугуна коркунуч жаратпайт

Түндүк Атлантика аскердик альянсынын саясаты Орусиянын коопсуздугуна коркунуч жаратпайт. Мындай билдирүүнү НАТОнун өкүлү Оана Лунгеску жасап, Кремлдин буга чейинки айыптоолорун четке какты.

Associated Press агенттиги маалымдагандай, Москва НАТОнун таасирин кеңейтүү жана бекемдөө аракети коопсуздук жагынан коркунуч алып келерин билдирген. Мындай чочулоодон улам Орусия улуттук коопсуздук боюнча стратегиясын жаңылап, ага 31-декабрда президент Владимир Путин кол койгон.

Кремль Батыштын аракети Орусиянын кызыкчылыктарын эске албайт, деген пикирди карманууда. Лунгеску шейшембиде мындай көз карашты негизсиз деп атады. (SE\NT)