Түркияда камалган Vice News агенттигинин журналисти күрөөгө бошотулду

Эл аралык Vice News маалымат агенттигинин Түркияда 4 ай мурун камакка алынган репортеру, ирактык Мухаммед Исмаил Расулду сот күрөөгө бошотту. Бирок азырынча ал Түркиядан башка мамлекетке чыга албайт.

Сот анын баш коргоо чарасын так аныктамайынча полиция участкасына келип көрүнүп турат. Эл аралык журналисттерди коргоо комитети соттун мындай чечимин колдоп, журналистке коюлуп жаткан террорчулук боюнча айыпты алып салууну өтүндү.

Журналист британиялык эки кесиптеши менен өткөн жылдын 27-августунда Диярбакыр провинциясында кармалган. Түрк аскерлери менен күрттөрдүн кагылышуусун чагылдырганы үчүн аларга “террордук уюмдарга иштейт” деген кине коюлган. Эки күндөн соң британиялык журналисттер бошотулуп, Расул камакка алынган болчу.

Vice News агенттиги Түркия полициясынын бул аракетин сындап, “ушак таратуунун ачык жолу” деп сыпаттаган. (SE)