Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу максатында 4-январда 9,1 млн. долларды сатыкка чыгарды.
Башкы банктын маалыматына караганда, Кыргызстанда доллардын курсу 2015-жылы дээрлик 29 пайызга кымбаттаган. Былтыр жыл башында доллардын курсу расмий 58,89 сом болсо учурда 75,87 тыйынга чыкты. Сомдун кунун кетирбей туруу максатында өткөн жылы 25 ирет АКШ долларын акча базарына сатыкка чыгарган. (КЕ)