Өкмөт Кара-Кече жылуулук борборун куруу боюнча тендерди ушул жылдын март айында жарыялайт. Бул тууралуу 2-январда Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштерин көргөнү барганда премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Өкмөттөн маалымдагандай, Кара-Кечени ишке киргизүү менен өкмөт бардык социалдык мекемелердин энергетика тармагын газ жана көмүргө өткөрүүнү пландап жатат.
Премьер-министр өлкөдөгү чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорго тез арада тендерлерди жарыялоо зарылдыгын белгиледи.
Өкмөт Кара-Кече көмүр кенинен жылына 3,3 млн. тонна көмүр казып алуу талабын тендердин шартына киргизерин маалымдады. Казып алынган көмүрдүн көлөмүн Бишкек ТЭЦине да жеткирүүнү мерчемдөөдө. (SDz)