Ак эмгектен баар тапкандар

Бир сүрөттө мугалимдик жана кароолчулук деген эки кесипти көрүүгө болот. Биология мугалими - Апилова Назгүл. Кароолчу - Карымбаев Кубанычбек. Нарын району, Учкун айылынын 10-классынын окуучусу Мукамбет уулу Найзабектен

Этно-музыканты, поющие национальные песни южноамериканских индейцев, 2014 год, США Автор: Омурова Карима 

Кубаныч аке биздин айылдын (Ноокат району, Жал айылы) таланттуу адамдарынан эле. Аны тойлорубузда ырдап берүүсүн өтүнүп, кезекке турчубуз. Өмүрү кыска экен, бул дүйнөдөн кетип калды. Сүрөт 2011-жылдын 22-июлунда бата тойдо тартылган. Автор: Жамалдинов Нургазы

44 жаштагы Нурлан Бердикожоев Нарын шаардык "Таза Нарын" ишканасында таштанды чыгаруучу болуп беш жылдан бери эмгектенет. "Күнүгө кесиптешим менен бирге шаардын аймагынан беш машина таштанды чыгарабыз. Ишибиз чынында абдан оор. Жайкысын күндүн ысыгынан улам сасык жыттар каптап турса, кыштагы сууктун күчү 35-40 градуска жеткен күндөрүндө тоңгон таштанды челектерди тазалоо оңой эмес. Бирок кандай болгон күндө да беш баламды адал акча таап бакканыма, шаарыбыздын таза болушу үчүн салым кошуп жатканыма сыймыктанам. Менин кыялым - коомубуз ар тараптан таза болуп, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшсө деп тилейм" дейт Нурлан Бердикожоев. Автору Таштанбекова Каныкей Таштанбековна

Акматбекова Элеонора, оператор. Профессия не зависит от пола и возраста. Автор: Акматбеков Эльзар

Көчө музыканттары. Стамбулдун аралдарынын биринде тартылган. Автору: Аида Мийзамалиева.

На фоте съемочная группа: режиссер, оператор, ассистент оператора, режиссера, водитель. обл. Ыссык Кол, село Шор Булак, октябрь 2015 г. Автор: Марс Тугелов  

Жумгал районунун Чаек айылында "Даанышман Жумгал кабары" коомдук бирикмеси Социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен мамлекеттик социалдык тапшырык боюнча "Ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке жайгаштыруу үчүн тигүүчүлүк боюнча социалдык ишкана" долбоорун 2015-жылдын 1-июнунан баштап аткарып жатат. Бул социалдык ишканада ондон ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адам иштеп, кошумча киреше алып жатышат. Сүрөттө долбоордун бенефициары - тигүүчү Асанбекова Назгүл иш учурунда, баласын таштай турган киши табылбай, жанына алып иштеп жаткан учуру. Бул сүрөттүн автору: Допоев Жапарбек Карагулович - аталган долбоордун жетекчиси.

Фотограф. Сүрөт Бишкек шаарында тартылган. Автору: Дастан Уметтегин

Аял үчүн эң жакшы кесип - бул үйүндө балдарын тарбиялап, сайма сайып отуруу деп билем. Анткени балдарымдын эң ширин мезгилин өткөрүп жибергим келбейт.

Сүрөттө Ош облустук төрөт үйүнүн акушер кыздары. Дүйнөгө келген ымыркайлардын киндик энелери. Бөбөк болсо менин биринчи кызым Арууке. Автору: Нургазы

Приручить животных может не каждый. Надо чувствовать их. Иметь терпение и безграничную любовь к братьям меньшим. Дрессировщик. Фотография сделана в 2014 году в городе Сеул. Автор Бектур Стамкулов.

Я работаю в цирке. Джигитовка на лошадях.

Эргешбаев Улан Аксы районунун Каражыгач айылында ветеринардык дарыгер болуп иштейт. Сүрөттү Темирбекова Бегимай тартты.

На страже рубежей страны. Фотография служащего Пограничной службы КР. Сделано в 2011 году на кыргызско-узбекской границе. Фото Болот Темиров

Жапонияда "СофтБэнк" (SoftBank) уюлдук операторунун тейлөө борборунун хюманойд- робот кызматкери. Ал келген кардарларды тейлеп, көңүлүн көтөрүп, баарлашып, жакшы маанай тартуулап турат. Келечектеги кесиптердин бири бүгүн ушундай. Автор: НС Жапония