Коом жүгүн көтөргөндөр

Арстанбек Абдиллаев 36 жашта. Бул агабыз 15 жылдан бери нан жаап, үй-бүлөсүн багып келет. Сүрөт Исфана шаарында тартылган. Сүрөттүн автору: Мавлянкул уулу Элнур.

Сүрөттө: Ош шаардык төрөтканасынын улук медайымы Рахат. Автор: Сергей Пятибратов. 

Баткен облусунда Ашпаз деген кесип бар. Ал адам тойлордо 400-500 адамга аш басып кызмат кылат. Тойго келген эл палоонун даамынан эле ашпаз ким экенин билип коет. Ар бир ашпаздын өз ыкмасы бар. Ашпаз конокторго салып берген аштын үстүндөгү этти бөлүштүрүүчү кызматты да аткарат. Автор: Кудурет Тайчабаров.

"Фоторепортер - ышкыбоз". Автор: Исмаев Эрик

Бул сүрөттө чет мамлекетте тактап айтсак, Кытайда 4-номер менен мини-футбол ойноп, акча таап жүргөн кезим. Азыркы учурда өз жеримдемин, жаракат алып кайтып келгем. Автор: Камчыбек Ашимбаев

Айрымдар "мен чоңойгондо врач болом, а мен учкуч болом" деп кыялданат. Мезгил өтүп, кыялдары да, максаттары да орундалат. Ошол сыңарындай элге пайдам тийсе экен деп мен да наабайчылык кесибин тандагам. Мен кесибим менен сыймыктанам! Себеби, ар бир инсанга, элиме, жериме кызмат кылгым келет! Автор: Абдулхамид Шамшидин уулу

Кесибим геолог. Учурда Кыргыз минералдык сырье боюнча институтунда иштейм. Бул сүрөт Жетим тоо кыркасындагы 2014-жылы август айында изилдөө учурунда тартылган. Автор: Тербишалиева Баянсулуу Жолдошбековна 

Жалал-Абад маданият техникумунун мугалими жана уста Жумагул Карагулов колу бош учурунда комуз, добулбас,урма аспап, баян,аккордеон, пианино, мандолина, фортепиано, балалайка өңдүү музыкалык аспаптарды оңдоп, күүгө салат. Аталган аспаптарда ыр-күүлөрдү ойнойт, аткарат. Өрүк менен жаңгак талдан комуз чабат. Сүрөт 2012-жылы анын өз үйүндө тартылган. Автор: Ырысбай Абдраимов.

Сүрөт Кеминдин Боролдой айылында тартылган. Арзиевдин үй-бүлөсү мал багат. Перизат Жаныбаеванын сүрөтү.

Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата № 10 кечки жана жумушчу жаштар жалпы билим берүү орто мектебинде окуучуларга сабак өтүп жаткан мезгил. Өтүлүп жаткан сабак балдардын арасында конкурстук таймашуу сабагы ,болгон.  Сабакты өтүп жаткан Арзыбаев Тыныстан Кадырович. Автору Арзыбаев Тыныстан

Согуш талаасында биринчи жардам. Аскердик кызматта 20 жыл иштеген старшина Рахима Маматалиева аскер медайымы . Автор: Гүлзат Айдосова, журналист

Көчмөндөр оюндарынын оту жанбай калган, Экинчи оюндардын отун жандырууга Каныбек Осмоналиев даяр!. 

Бул сүрөт 2013-жылы  Чолпон-Атада өткөн Ысык-Көл оюндарында тартылган. Эч жерде жарыялаган эмес.  Ар бир кесип ардактуу дегендей спортчу болуп да дүйнөгө Кыргызстанды таанытууга болорун, бул дагы ардактуу кесип экенин жаштарга айтсам дегем. Автор: Кабыл Макешов

Сүрөттө менин иним Замир Исаев. 28 жашта. Ден соолугу начардыгына карабай 2015-жылдын апрель айынан бери Оператордун байланыштардын биринде иштейт. Оптимист, шайыр, оюнкараак. Гитара чертет. Автор: Альмир Исаев.

Бул фотокаармандын аты Майрамбек Советбек уулу, менин билишимче ал өлкөбүздөгү эң жаш мектеп директорлорунун бири болсо керек. Мугалимдер династиясынан чыккандыктанбы, айтор коомдук жумушту биринчи планга коюп, талыкпай эмгектенгендиктен ушул даражага жетти десек да болот. Мугалимдер династиясынан дегеним, анын атасы да апасы да өмүр бою мугалим болуп эмгектенишкен. Анын өзүнүн мугалим келинчегин жана мугалим эже-агаларын кошпогондо, атасы жана таекелери тарабынан мугалим болуп эмгектенген туугандарын эле санаганда толук бир мектепти бардык предмет мугалимдери менен камсыздап койсо болот.  Бул сүрөт Кемин районундагы Жол-Булак орто мектебинен тартылып алынды. Автор: Темир Жусупбеков.

Гезитчи Таалай. Кыргызстанда гезит-журналга болгон талап абдан аз. Сүрөттөгү адам Таалай Бакытаев. Бишкектиктерди аз да болсо гезит-журнал менен камсыздайт. Сүрөттүн автору Сайпидин Султаналиев.

Бул айымдын аты Ира. Таң заарда Кудайбергенден келип, биздин Ала Тоо аянтыбызды шыпырып тазалайт. Бул кесипте Ира алты жылдан бери эмгектенет. Буларсыз биздин Ала Тоо аянтыбыз кандай көрүнүштө болот эле?  Рахмат эмгегиңерге! Автор: Алишер Абылкасымов.

Сүрөттө Эмануил Оморбеков - Бишкек шаарындагы 18-лицейдин ийгиликтүү бүтүрүүчүсү. Келечекте кулинария дүйнөсүн дүрбөткөнгө ашыккан, мыкты ашкпозчу. Үйүндө да, жумушта да өзү жасаган даамдуу тамактары менен, жеген адамдарды таң калтырып келет. Ал өзүнүн, ары пайдалуу, ары ардактуу кесипти тандаганына бекем ишенет. Сүрөттүн автору Аскарбек уулу Иса - Токмок шаарында жайгашкан, Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин, бизнести уюштуруу факультетинин 1-курсунун студенти.

Мугалим  болуу чоң сыймык. Балаева Татьяна Александровна Нарын шаарындагы №2 Чкалов атындагы мектеп гимназиясында башталгыч класстын мугалими. Мен 43 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап, бул жылдар аралыгында 500гө жакын баланы уядан учурдум. Жиберген Садыкказиева Жыпаргүл.

Мээрман эжелер. Автор: Денис