Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев НТС телеканалынын оператору маркум Жоомарт Асанбековдун жакындарына көңүл айтып, 50 миң сом материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
29-декабрда НТСтин операторун Кыргыз Улуттук филармониянын маңдайында жолдун ортосунда иштеп жаткан учурда машина коюп кеткен. Асанбеков алган оор жараатынан ошол жерде жан берген. Учурда милиция кайсы машина сүзгөнүн аныктоо иштерин жүргүзүүдө. (КЕ)