Облус аймагында быйыл кен иштеткен компанияларга карата 8 ирет нааразылык акциялары өткөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу эки эсе аз. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева “Азаттыкка” билдирди.
Анын ырасташынча, 2013-жылы 16, 2014-жылы 15 нааразылык акциялары катталган.
- Акыркы кезде компаниялар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомчулук менен байланышта иш алып барышы нааразылыктарды азайтты. Бирок алар басылган жок, – дейт Эгембердиева.
Облуста кен казууга кырктан ашык компания лицензия алса, учурда алардын 32си иштеп жатат. Алардын 25и чет элдик ишканалар. (RsK)