Ооган армиясы Гилмендде "Талибанга" каршы атайын операция жүргүзүүдө

Гилменд провинциясындагы ооган коопсуздук күчтөрү

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында эки күндөн бери өкмөттүк күчтөрдүн талиптерге каршы атайын операциясы улантылууда. Ал шаршемби күнү кечинде башталган болчу. Бейшемби күнү бийлик өкүлдөрү кеминде элүү согушкер жок кылынганын кабарлашты. Бирок аскерлер ок-дарынын жетишсиздигине жана өздүк курамды толуктоонун жоктугуна даттанышууда. Алардын айтымында, согушкерлер жайкын тургундарды тирүүлөй калкан катары колдонушууда. Күндүз талиптер карапайым элдин үйлөрүнө жашырынып, түнкүсүн күтүүсүздөн армияга кол салышууда дейт катардагы жоокер Делавар Хан. Учурда согушкерлер провинциядагы үч районду колунда кармап турушканы айтылды.