Ташкен менен Дүйшөмбү кызматташтыкты талкуулады

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде болуп өткөн бул жолугушуу. 25-декабрь, 2015-жыл

Дүйшөмбү шаарында Тажикстан менен Өзбекстандын тышкы саясат мекемелеринин кеңешмеси өттү. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде болуп өткөн бул жолугушууда эки тараптуу мамилени өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулап, аймактагы жана эл аралык саясаттагы олуттуу маселелер боюнча пикир алмашты. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жаатында бир катар маселелер талкууга алынган. Мында сырткары Өзбекстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлчүлүктөрү маданий-гуманитардык, илимий жана спорт тармактарындагы байланышты кеңейтүү жагын карашты.

Эки мамлекеттин дипломаттарынын ортосундагы бул саясий кеңешме эсеби боюнча үчүнчү жыйын. Буга чейин он беш жылдан ашуун убакыттан бери Ташкен менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы мамиле начар болуп келген.