“Ислам мамлекети” тобунун жетекчилиги тирүү туткундардын органдарын кесип алууга уруксат берет.
Сириянын чыгышында быйыл май айындагы рейддин жыйынтыгында муну далилдеген документтер америкалык атайын кызматтардын колуна түшкөн. Документ “68-номурлуу фатва” деп аталат. Анда тирүү адамдын ички органдарын кесип алууга уруксат берилген.
Рейтер агенттиги табылган документтин тактыгын көз карандысыз булактар аркылуу тастыктай алган эмес. Ал эми фатва “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин жанынан чыккан документтердин арасынан табылган.
Документте туткундун өмүрү бир тыйынга да арзыбастыгы, анын ички органдарын исламчыл топтун жоокерин сактап калыш үчүн кесип алыштын эч кандай эрен-төрөнү жоктугу ырасталган.
Буга чейин Ирак бийлиги жихадчыларды адам органдарын сатуу боюнча айыптап келген. БУУдагы Ирактын элчиси Коопсуздук кеңеши Ислам мамлекети экстремисттик уюмдун согушкерлери ушундай мыкаачылык менен акча таап жатканын айыптап, ага карата катуу чаралар көрүүгө тийиш экенин билдирген. (KJ)