Көктү эңсеген учактар

Тумшугу түшүп калган Як-40.

Бул учак 1975-жылы чыккан.

Бул учактын керосин менен толтурулган салмагы 262 тонна.

Жүгү жок тургандагы салмагы 182 тонналык учак. Жүк көтөрүмдүүлүгү 50 тонна. 1982-жылы биринчи жолу абага көтөрүлгөн. Бул учактар 1973-жылдан тарта Ташкендеги Чкалов заводунан чыгарылган.

Белгилүү АН-2. 1956-жылы чыккан. Айыл чарба өсүмдүктөрүн чегирткелерден дарылоого арбын салым кошкон иштемчил учак.
 

Оштогу учууга даяр жалгыз АН-2 учагы, айтылуу "Кукурузник".

Канат-куйругу кесилген он чакты АН-2 азыр каралбай четте турушат.
 

Көпчүлүккө белгисиз ITI аттуу компанияга таандык жүк ташуучу учактар. Кароолдун айтуусунда, бул учактар 2010-жылы Ошко гуманитардык жардам алып келген бойдон учуша элек. Украиналык компания делгени менен мындагы учактардын капталында Тажикстан, Түркмөнстан деген жазуулары бар.

ITI компаниясы Ош аба майданына жеринде ижара акысын төлөп турат. Бирок аба майдан жетекчилиги ушунча жерди канча мөөнөткө, кандай суммага ижарага бергенин айта элек.
 

Як-40 учагынын кыймылдаткычтары.

Эски учактын эшигин кара кулпу кайтарып турат.

Як-40тын ичи, учурунда эчен жүргүнчүлөрдү ташыган учак-такси.

Асманды эңсеп кайра учалбай отурган дагы бир учак.

Учактын канаты, аба жарып каалгып уччу керемет техниканын негизги бөлүгү.

Жерден өйдө көтөрүлө албай калган дагы бир учак.

Як-40тын экипаж мүчөлөрү отурчу жай.

Учакты башкарып турчу штурвал деген ушундай болот.

Як-40тын бош калган бортунда май сактоочу идиштер жатат.

Көккө көтөрүлө албай калган кадимки "АН - 12".