Андабековдун сахнада калган өмүрү
Сейитказы Андабеков чыгармачылык жолун 1938-жылы баштаган.
1938-жылы облуста өткөрүлгөн өздүк көркөм чыгармачылыктын кароосунда берилген ролдорун жакшы аткарып, комиссия мүчөлөрүнүн купулуна толот. Бирок алардын "сенден бирдеме чыккыдай, окууга жиберели" дегенине көнбөй, моюн толгоп, киндик кан тамган айылы Ат-Башынын Кара-Коюнуна кетип калган.
Чыгрмачылыктагы кесиптештери
Быйыл Сейитказы Андабеков атындагы фонд уюштурулган. Ошондой эле анын жубайы Койсун Карасартова менен бирге ырдаган чыгармаларын жаштар аткарып, атайын сынак да болгон.
1946-жылы кан майдандан кайтып келген соң азыркы Нарын академиялык музыкалык драма театрынын пайдубалын түптөөгө катышат.
Өмүрлүк жары менен да театрдан таанышып, баш кошкон. Алар жети баланы тарбиялап, өстүрүшкөн.
Жубайы Кыргыз Эл артисти Койсун Карасартова менен бири-бирине эриш-аркак болуп, ырдап-бийлеп, аткарган дуэттери, тамашалуу ырлары кыргыздын кыйырын гана эмес, Москва, Ташкент, Алматы, Тбилиси, Нукус сыяктуу мурдагы СССРдин көптөгөн шаарларынын көрүүчүлөрүн тамшантчу.
Сахнада тракторчу Акмат, Ташбалта, Багдасар, Жарас, Годалак, Кожо-Насирдин, Глостер, Аккан, Бойков, Дож, Иван Петрович, Омор абышка, Календер жана башка 100гө чукул каармандын образын жараткан.
Талантуу жубайлардын атагы Кыргызстандын чегинен да чыгып, казак, уйгур, өзбек, тажик сахналарында көрөрмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган.
Учурда кичүү баласы Болотбек Андабековдун ата-энеси жашаган үйдү музейге айлантуу планы бар.