Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүн Жогорку Кеңеште Токтогул ГЭСиндеги авария боюнча маалымат берилет. Учурда адистер авариянын масштабы канчалык экенин иликтеп жатышат. Премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСиндеги авария электр энергиясын берүүнүн өлчөмүнө таасир этпей тургандыгын 23-декабрда билдирген.
23-декабрда эрте мененки саат сегизде Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатында трансформатор өчүп калган. Жогорку Кеңештин депутаттары да ГЭСтеги окуя боюнча маалымат берүүнү талап кылышты. (AiT)