Ысык-Көлдөн тобу менен Сирияга кетти делгендер изделүүдө

Cирия, 22-декабрь, 2015-жыл.

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Көл айылынан 25 киши Сирияга кеткени болжолдонуп, милиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алардын көбү тууган-урук болуп, арасында жашы жетелек балдардан тарта 80ге таяган кемпир да бар экени айтылып жатат.

Бул боюнча облустук милициянын 10-башкармалыгынын жетекчиси Арсен Самаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

-Алар алгач Орусияга иштегени кетип, андан ары Түркия аркылуу Сирияга кеткени тууралуу билдирүүлөр бар. Бирок чын эле ошол жактабы же жокпу - аныктала элек. Кызматкерлерибиз тактап жатат.

Айрым маалымат булактары бүгүн күч органдарына таянып, аталган айылдагы бир үй-бүлөдөн 25 киши Сирияга кеткени аныкталганын жазган. Самаев бул маалыматты четке какты.

Ысык-Көл облусунан Сирия жана Ирактагы динчилдерге кошулууга кеткен 40 киши аныкталган. Ал эми Кыргызстан боюнча расмий эсепте 500гө чамалайт. Кырктан ашууну ошол жакта каза болгону такталган. (SE)