Британия аскерлерин Ооганстандын Гилменд провинциясына жөнөттү

Гилменддеги ооган аскерлери.

Гилменддеги Сангин району талиптердин карамагына өтүп кеткен соң Британия өз аскерлерин кагылышуулар жүрүп жаткан аймакка жөнөттү. Британиянын Коргоо министрлигинин билдиришинче, бир нече аскерий адистер кеңешчи катары Гилменддеги “Кэмп Шорабак” базасына жөнөтүлдү. Алар аскерий кагылышууларга катышпайт. Ал тапта Лондондогу “Таймс” гезити провинцияга 30 блоктон турган Британия аскерлери жана 60тай америка аскери жиберилгенин жазды.

Британия Эл аралык коалициянын Ооганстандагы миссиясы бүткөн соң өлкөдөн аскерлеринин басымдуу бөлүгүн чыгарып кеткен. Ооганстанда учурда 450 британиялык аскер машыктыруучу катары калган.

Гилменд провинциясынын губернаторунун орун басары Мохаммад Расуляр бир нече күнгө созулган уруштардан кийин талиптер Сангин районун толугу менен басып алганын 21-декабрда маалымдаган. Аскердик объекттер гана талиптердин колуна өткөн жок. Учурда уруш уланууда.