ИМдин идеологиясына кантип каршы турса болот?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алган “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы АКШ баштаган эл аралык коалициянын күрөшү уланууда. Сауд Арабиясы да террорчулукка каршы аскерий коалиция түзүлгөнүн жарыялады. 34 өлкөнүн башын бириктирген бул жаңы альянска 18 араб мамлекети кире турганы белгилүү болду. Ошол эле учурда айрым эксперттер өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топтун адамдарды ар кандай айла-амал менен катарына азгырган идеологиясына каршы күрөшүү да маанилүү экенин айтууда.