Air France компаниясынын учагы Кенияда конууга аргасыз болду

Маврикийден Парижге учуп бараткан учакта шектүү баштык табылган соң Кенияда кондурулду.

Полициянын өкүлү Чарльз Овинонун билдиришинче, "Боинг-777" учагынын ичинде 459 жүргүнчү жана экипаждын 14 мүчөсү болгон. Алардын бардыгы эвакуацияланды. Алдын ала маалыматтарга караганда, ичинде бомба салынган деп шектелген баштык учактын дааратканасында табылган. (AzK)