Евробиримдик чек ара көзөмөлүн күчөтөт

Македония-греция чек арасындагы качкындар

Евробримдиктин лидерлери Брюсселдеги саммитте бирдиктүү чек араны жана жээктерди кайтаруу кызматы боюнча планды жактырышты. Жаңы кызмат эмки жылдын орто ченинде түзүлөт деп күтүлүүдө. Шаркеттин жетекчилери Жер ортолук деңизи аркылуу келген мигранттардын агымын ооздуктоо чараларын көрүүгө көптөн бери чакырып келатышат. Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас жана бир катар башка лидерлер долбоордун айрым жоболоруна каршылыгын билдиришти. Маселен, чек арачылар тиешелүү өлкөнүн макулдугусуз эле Брюсселдин чечими менен жөнөтүлүшү мүмкүн деген жери талаш жаратты. Италия жана Греция келгиндердин тек жайын аныктап, каттоо, убактылуу жайгаштыруу жана керек болгон учурда экономикалык мигранттарды депортациялоо иштери менен алектенмекчи. Быйыл Европа биримдигине Жакынкы Чыгыш жана Африкадан 1 миллиондон ашуун бозгун ооп келген.