Айыппул салынган активисттер Жогорку Сотко кайрылышат

Дайыр Орунбековго 2 миллион сом айыппул салынган соң активисттер "Сөз эркиндиги үчүн 1 сом" акциясын уюштурушкан.

Бейбаштык кылды деген негизде 17-декабрь күнү Бишкекте кармалып, сот айыппул салган активисттер өздөрүнө чыгарылган чечимди жокко чыгаруу талабы менен Жогорку Сотко кайрылышат.

Бейшемби күнү жети активист журналист Дайырбек Орунбековго буга чейин салынган акчалай айыпты төлөө үчүн чогултулган 12 миң сомду президентке тапшыруу максатында барган кезде милиция кармап кеткен. Аларга "уруксатсыз акцияга чыгуу, күч кызматкерине баш ийбөө жана майда бейбаштык" сыяктуу айыптар тагылды.

Биринчи Май райондук соту бир кишини актап, калган алты адамга 500дөн 2000 сомго чейин айыппул салган. Буга нааразы болгон активисттер эми Жогорку Сотко кайрылышарын “Азаттыкка” билдиришти.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрда “Мaalymat.kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда калабага саясий баа берүү маселеси көтөрүлүп, мында азыркы бийликтин да күнөөсү бар экени айтылган.

Башкы прокуратура макала президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтиргенин белгилеп кылмыш ишин козгогон. Сот Орунбековго 2 миллион сом айыппул салган. Элден бул каражаттын 12 миң сому топтолгон. (SE)