Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ишин жакшыртуу үчүн түзүлгөн кичи коомдук кеңештердин аткарган иши жыйынтыкталды. Буга чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында 17 коомдук кеңештер түзүлүп, алардын мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүшкөн.
12 айыл өкмөттө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана балдарга жөлөкпул чегерүү жана 5 айыл өкмөттө жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүдөгү коомдук текшерүүнүн жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, көп үй-бүлө жөлөкпулга муктаж экени аныкталды.
“Кичи коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Интербилим”, “Мехр-Шавкат”, “Инсан-Лейлек” коммерциялык эмес уюмдары иш алып барышкан.