Мадумаров: "Бүтүн Кыргызстан" “Эмгек” партиясынан бөлүндү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Бүтүн Кыргызстан” менен “Эмгек” саясий партиялары ажырашты. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ, 15-декабрда аталган партиялардын саясий кеңеши чогулуп, жергиликтүү шайлоолорго өз бетинче катышуу тууралуу чечим кабыл алышкан.