Каржы министрлигинин 280 миң сомго 10 отуругуч сатып алуу жарыясы талкуу жаратты

Каржы министрлиги 228 миң сомго эки электрондук планшет жана 284,6 миң сомго 10 жумшак отургуч сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Назар Малаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, креслолор чет элдик меймандар келчү жыйындар залына коюлат. Ал эми планшеттер көп функциялуу болгондугуна байланыштуу баасы кымбат.

Каржы министрлигинин сатып алууга көп каражат жумшап жатышы коомчулукта кызуу талаш жаратты. Сындагандар анткени Бишкектин дүкөндөрүндөгү эң кымбат планшет 93 миң сом экенин айтышууда.

Буга чейин Жогорку Кеңеш ар бири 22 миң сомдук 120 креслого тендер жарыялап, жарандык коомдун сынынан кийин сатып алуудан баш тарткан. (UEz)