Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, президент Атамбаев 14-декабрда Катар мамлекетине иш сапар менен келди. Ал Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль-Тани менен жолугушуп, соода-экономикалык, маданий гуманитардык багытта кызматташууларды күчөтүү жана инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүү өткөрөт. (AiT)