Бишкектин түндүк бөлүгүнө беш күн газ берилбейт

Авариялык-оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин түндүк бөлүгүнө газ берүү беш күнгө токтотулат. “Газпром-Кыргызстан” ишканасынан кабарлашкандай, 14-18-декабрь күндөрү Тоголок Молдо, Кудрук көчөлөрүндө, Чоң Чүй каналы аймагында көгүлтүр от болбойт. 15-16-декабрь күндөрү Токтоналиев көчөсүнө да газ берилбейт.

Адистер аталган аймактардагы газ түтүктөрүндө көгүлтүр оттун басымы азайып кеткендиктен, оңдоо зарылчылыгы жаралганын белгилешүүдө.