Арменияда референдумдун расмий жыйынтыгы чыгарылды

Армениядагы рефререндумдагы бюллетендерди эсептөө

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы 6-декабрдагы референдумдун жыйынтыгын расмий чыгарып, аны бекитти. Ага ылайык, өлкө толугу менен парламенттик башкаруу системасына өтөт. Президент Серж Саргян сунуштаган Конституциялык реформа долбоорун шайлоого катышкандардын 63 пайыздан көбү колдогон. Ал эми шайлоочулардын 32 пайыздайы каршы добуш берген.

Ошол эле кезде Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициялык “Армян улуттук конресси” партиясынын референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу, таныбоо арызын кароону баштады. Партия добуш берүү массалык мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирүүдө. Фракция мүчөсү Левон Зурабян Баш мыйзамды өзгөртүүнү шайлоочулардын 30 пайызы гана колдогон, калган 70 пайызга жакын эл ага каршы добуш берген деп эсептейт.

Арменияда 6-декабрда Конституцияга өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда өлкөнү жарым президенттиктен толук парламенттик башкарууга өткөрүү каралган. Оппозициянын билдиришинче, парламенттик башкарууга өтүү президент Саргсяндын жеке кызыкчылыгы үчүн жасалууда. (КЕ)