ИИМ: бир жылда балдарга каршы жасалган 755 кылмыш катталды

Бишкекете кайыр сураган бала. 17-сентябрь, 2015-жыл

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери балдарга каршы жасалган 755 кылмыш иши катталган. Анын 570и сотко ɵткөн. 137 өспүрүм зордукталып, ал боюнча 110 иш соттун кароосунда турат. Тартип коргоо органдары балдарга карата зомбулук-зомбулук фактылары өсүп баратканын билдиришүүдө.

Адистер балдарга карата зомбулуктун күчөшүнүн бирден-бир себебин эмгек миграциясынан көрүшөт. Ата-энеси жакын туугандарына таштап кеткен балдар кордолуп же тийиштүү камкордук көрбөй калары айтылууда.

8-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жети жаштагы кыз таежесинин ур-токмогунан жарыкчылык менен кош айтышты. Каза болгон Тахмина Кенжебаеванын атасы Орусияда иштейт. Ал эми апасы да чет өлкөгө барып иштөө максатында кызын бир тууган эжесине үч ай мурда тапшырып кеткен.

Ал эми 10-декабрда Бишкекте каза тапкан окуучунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

10-декабрда сабакка барам деп чыккан боюнча жоголгон 7 жашар баланын жансыз денесин милиция ээн талаадан тапкан. Бишкек милициясынын айтымында, аны жолдон үй-бүлөнүн көптөн берки таанышы тосуп алып, уктатуучу дары сайып койгон. Баланы киши барбаган ээн жерге таштап, өзү окуучунун ата-энесинен 150 миң сом талап кылган. Кылмышка шектүү аял кармалып, тергөө жүрүүдө. (КЕ)