Бүгүн Францияда жергиликтүү шайлоонун экинчи туру өтөт. Марин ле Пен башында турган ашынган оңчулдардын “Улуттук фронт” партиясы мында да алдыга озуп чыгышы ыктымал деп айтылууда. Биринчи айлампада аталган партия шайлоочулардын отуз пайыздан ашуун добушун алган. Муну менен ал Франциянын 13 районунун алтоондо алдыга чыккан. Экс-президент Николя Саркози жетектеген консерваторлор шайлоочулардын 27 пайыз добушун алууга жетишкен. Учурдагы президент Франсуа Олланд башында турган социалисттер 23 пайызды камсыздап, үчүнчү орунда баратат.
“Улуттук фронттун” рейтинги 13-ноябрдагы Париждеги терактан кийин кескин өскөн. Көп аймактарда ашынган оңчулдар менен алардын каршылаштарынын ортосундагы айырма чоң эмес. “Шайлоонун жыйынтыгы кандай болгон күндө да бул саясий жараян Ли Пен башында турган партиянын абалын өзгөртөт”,- деп жазат Би-Би-Си. Ошондой эле Марин ле Пендин бул жолку ийгилиги 2017-жылдагы президенттик шайлоодо таасирин тийгизери айтылууда. (КЕ)