Жогорку Кеңеш экинчи турда акыйкатчыны шайлай алган жок

Жогорку Кеңеште жаңы эле акыйкатчыны шайлоонун экинчи туру аяктады.

Анын жыйынтыгы менен Атыр Абдрахматова 34 добуш, Гүлгакы Мамасалиева 28 добуш алды. Ал эми 55 депутат экөөнө тең "каршы" добуш берген.

Учурда депутаттар үчүнчү турда добуш берүү үчүн даярдык көрүшүүдө. Анда экинчи турда көп добуш алган Атыр Абдрахматова үчүн добуш беришмекчи.

Биринчи турда 113 депутаттын 28и "Интербилим" борборунун Оштогу өкүлү, укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиеваны, 23ү аялдардын жана балдардын укугун коргоп келаткан жаш жарандык активист Атыр Абдрахматованы колдоп, экөө экинчи турга чыккан болчу.

Акыйкатчынын орду быйыл жайында экс-омбудсмен Бакыт Аманбаев парламенттин чечими менен иштен четтетилгенден кийин бошогон. Анын кетишине отчету Жогорку Кеңештен өтпөй калышы себеп болгон.

Жалпысынан акыйкатчыны шайлоого 8 талапкер көрсөтүлгөн. (RK)