Кесиби бар кемибейт, өнөрү бар өлбөйт

Исфана шаарындагы "Шекерим" балдар бакчасы. Сүрөттө 28 жаштагы хореограф, мугалим Пайзилла Маматов. Ал балдарга бий өнөрүн үйрөтөт. Сүрөттүн автору Нурсултан Мавлянкул уулу. 

«Кыргыз айылындагы европалык гастарбайтер». Бул сүрөт 9-декабрда Базар-Коргон айылында тартылган. Анда суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулууда. Сүрөттө: сербиялык 51 жаштагы жумушчу-прораб Рашка Стойсович. Биз адатта чет өлкөлүк адистер "баалуу кеңештерди" бергенине көнүп калганбыз. Ошол эле кезде кандай гана аба ырайы болбосун, кара жумуштан качпаган чет элдик досторубуз да жок эмес. Автору Анара Тойчиева. 

Жыпаркул Азыкбекова. Кыргыз комволдук нооту комбинатында 30 жылдан бери оператор болуп эмгектенет. Комбинаттан кездемелер, трикотаж комбинатына керектелүүчү токуучу жиптер даярдалат. 

Мен Алмазбек Элдияр уулу Кыргызстандагы №1 жолдорду тейлөө башкармалыгында ушул техниканы айдап иштейм. 

Элдин кардын ойлоп, самса жасаган ашпозчу. 

Мен Адилет Санк-Петербурга шаарында чач тарач болуп иштейм. Сүрөттү келинчегим Айзада тарткан, ал да чач тарач. 

"Искусство". Сүрөт Бишкектеги "Нават" кафесинде сентябрь айында тартылган. Автору Бегимай Сатаева. 

Жаш уста Нурадил Жумабеков өз окуучуларына оор жана татаал техникаларды оңдоону үйрөтүүдө. Сүрөттүн автору Алина Нурланова.

"Аскердик даярдык: жаа атуу". Сүрөттө БУУнун тынчтык орнотуучусу жергиликтүү тургундар менен. Сүрөттү 2006-жылы Түштүк Суданда гватемалалык кесиптешим ​ Жуан Барера тарткан.

Кумтөрдүн Балыкчыдагы машина жууган жайында иштеген адам. Автору Бактияр Асанкадыр уулу. 

Кумтөрдүн алтын иштеп чыккан фабрикасында пультту башкарып отурган адам.  Автору Алмазбек Качиев.

Кол өнөрчү, кийизден буюм-тайымдарды жасаган Бурулкан Төлөгөнова. Нарын шаары. Автору Марат Сайранбаев.

"Өтүк тазалоочу". Түркияда бул абдан урматталган жана керектүү кесип. Түрктөр кир бут кийим менен жүрүү жакшы адамдын иши эмес деп санашат. Сүрөт быйыл ноябрь айында Стамбулда тартылган. Автору Светлана Зенс. 

"Young Media" тобунун оператору Айткул Өмүрбеков. Автору Салик Исаков, Ош шаары.